Эрдоган Путинге телефон аркылуу көңүл айтты

Президент Эрдоган Түркиянын террордун бардык  түрү менен күрөшүү түшүнүгү ичинде  Россия  менен террор менен күрөшүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

2119294
Эрдоган Путинге телефон аркылуу көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путинге өлкөсүндөгү террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Эрдоган орус кесиптеши Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүгө караганда, сүйлөшүүдө  президент Эрдоган Путинге Москвада болгон террордук кол салуудан улам терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бейкүнөө адамдарды  бутага алган жийиркеничтүү террордук кол салууну катуу айыптап, орус элине көңүл айтып, сабыр тилеген президент Эрдоган кол салуунун аймактагы кризистердин тез арада тынчтык жолу менен бүтүшү керектигин ачыкка чыгарганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган Түркиянын террордун бардык  түрү менен күрөшүү түшүнүгү ичинде  Россия  менен террор менен күрөшүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

22-март күнү кечинде Россиянын борбору Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан адамдар тарабынан теракт жасалды.

Кол салгандар залда автоматтар менен туш келди ок атышты..

Концерттик зал жайгашкан имараттын чатырынан өрт чыгып, чатыры  кулап түшкөн.

Орус бийликтери кол салууда 133 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жаралангандыгын жарыялашты. 

 



Тектеш кабарлар