Кандил аймагында жикчил террордук уюм ПККнын 4 террористти жок кылынды
Улуттук Чалгындоо Уюму да «жашыл категорияда» изделген ПКК/ЙПГ террордук уюмунун жооптууларынан «Сейдо код» деп аталган Халил Текинди Сириянын Камышлы аймагында жүргүзгөн операция менен жок кылды.
Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында жикчил террордук уюм ПККнын 4 террористти жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта террорду булагынан жок кылуу үчүн операциялардын үзгүлтүксүз улантыларын белгилеп : «Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында аныкталган 4 ПКК террористти аба күчтөрү тарабынан жок кылынды. Операцияларыбыз ылдамдык менен улантылат»,- деп айтылды.
Улуттук Чалгындоо Уюму да «жашыл категорияда» изделген ПКК/ЙПГ террордук уюмунун жооптууларынан «Сейдо код» деп аталган Халил Текинди Сириянын Камышлы аймагында жүргүзгөн операция менен жок кылды.
Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга 2007 – жылы кошулган, Сирия жана Иракта террордук кыймылдарды аткарган Текиндин өзү сыяктуу уюмдун мүчөсү болгон атасы Ибрахим Текиндин да 1992 - жылы түрк куралдуу күчтөрү тарабынан аткарылган операцияда жок кылынгандыгы белгиленди.