Эрдоган Кайсериде сөз сүйлөдү

Адилеттик жана өнүгүү партиясын да жетектеген президент Эрдоган, партиясынын Кайсери митингинде коомчулукка кайрылуу жасады.

2118497
Эрдоган Кайсериде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, экономикасын 21 жылда 3 эсеге өстүргөн Түркияны дагы эки эсеге өстүрүү менен дүйнөнүн эң күчтүү экономикаларынын арасынан татыктуу орунга алып чыгууну максат кылгандарын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясын да жетектеген президент Эрдоган, партиясынын Кайсери митингинде коомчулукка кайрылуу жасады.

Сөзүн баштаганда элди Нооруз майрамы менен куттуктаган Эрдоган: «Бүткүл элибиздин, Нооруз кубанычына бөлөнгөн аймактагы бардык боордошторубуздун Нооруз майрамы менен куттуктайм. Орто Азиядан Балкандарга чейинки кең аймакта жаңы үмүттөр менен майрамдалган Нооруздун берекелүү болушуна тилектешмин»,-деди.

Экономикага токтолгон Эрдоган: «Түркияны 21 жылда 3 эсеге өстүрө алдык. Эми максатыбыз алдыдагы мезгилде өлкөбүздү 2 эсеге өстүрүп, дүйнөнүн эң күчтүү экономикаларынын арасынан татыктуу ордуна алып чыгуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар