Түркия Грузиядагы муктаждарга жардам баштыктарын таратты

Марнеулидеги Бүткүл Грузия мусулмандары башкармалыгынын башкы кеңсесинде Рамазан баштыктарын тапшыруу аземи өттү.

2117560
Түркия Грузиядагы муктаждарга жардам баштыктарын таратты

Дин иштери башкармалыгы жана Түркия Дин фонду (TDV) тарабынан даярдалган Рамазан жардам баштыктары Грузиядагы муктаж үй-бүлөлөргө жеткирилди.

Марнеулидеги Бүткүл Грузия мусулмандары башкармалыгынын башкы кеңсесинде Рамазан баштыктарын тапшыруу аземи өттү.

Баш калаа Тбилисиден 40 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан шаардагы аземге Түркиянын Тбилисидеги элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Махмут Гөл, Чыгыш Грузия мусулмандарынын муфтийи Этибар Эминов жана TDV өкүлдөрү катышты.

Марнеулидеги жүздөгөн үй-бүлөгө жардам баштыктарын тараткандан кийин Рамазан айынан улам Батуми сыяктуу башка шаарлардагы жардамга муктаж болгондорго да жеткире тургандарын белгилеген Гөл: «Грузияга 1300дөй таңгак жөнөтүлдү. Биз аларды аймактардагы элге таратып жатабыз», - деп айтты.



Тектеш кабарлар