ПККга таандык 27 бута жок кылынды

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2117623
ПККга таандык 27 бута жок кылынды

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык 27 бута абадан операция менен жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Бир дагы шейитибиздин канын жерде калтырган жокпуз, калтырбайбыз. Ирактын түндүгүндөгү Метина, Зап, Хакурк, Гара жана Кандил аймактарында террордук уюм ПКК тарабынан колдонулгандыгы аныкталган бункер, баш калкалоочу жай жана үңкүрлөрдөн турган жалпы 27 бута абадан операция менен жок кылынды»,- деп кабарланды.

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында ПККнын кечээки кирүү жана кол салуу аракетинде 1 аскер шейит болуп, 4 аскер жараланган.

Кагылышууда алгачкы маалыматтарга караганда 6 террорист жок кылынган.



Тектеш кабарлар