Эрдоган Ыспартадагы сөз сүйлөөсүндө экономикага токтолду

Коргоо өнөр жайына да токтолгон Эрдоган, Түркиянын учкучсуз учуучу аппарат технологиясында дүйнөнүн алдыңкы 3, улуттук согуштук учак КААН менен да 5-муундагы учактарды чыгара алган 4 өлкөнүн бири экенин айтты.

2117986
Эрдоган Ыспартадагы сөз сүйлөөсүндө экономикага токтолду

Президент Режеп Таййип Эрдоган экономикалык көрсөткүчтөрдүн абдан жакшы экенин айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясын да жетектеген президент Эрдоган, партиясынын Ыспарта митингинде сүйлөгөн сөзүндө экономикага токтолду.

Ишке ашырылган программанын жыйынтыгынын ушул жылдын экинчи жарымынан тарта көрүнө баштаарын белгилеген Эрдоган: «Негизи биздин жалпы экономикалык көрсөткүчтөр абдан жакшы. Улуттук кирешебиз, жумуштуулук, өндүрүш жана экспорт тарыхыбыздагы эң жогорку деңгээлде. Инфляция төмөндөгөн сайын экономикадагы бул позитивдүү көрүнүштүн пайдасын кызматкерлерибизге жана пенсионерлерге жакшыраак чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз»,-деди.

Коргоо өнөр жайына да токтолгон Эрдоган, Түркиянын учкучсуз учуучу аппарат технологиясында дүйнөнүн алдыңкы 3, улуттук согуштук учак КААН менен да 5-муундагы учактарды чыгара алган 4 өлкөнүн бири экенин айтты.

Президент Эрдоган Бурдурдагы митингде сүйлөгөн сөзүндө да, Европа жана Америка баш болгон көптөгөн жерлерде акыркы 60-70 жылдын туу чокусуна жеткен инфляциянын Түркияга да оорчулук келтиргенин билдирди.

Өлкөдө жыргалчылыктын туруктуу өсүшүн камсыз кылууну максат кылгандарын белгилеген Эрдоган, бул үчүн инфляциянын бир орундуу санга түшүрүлүшү керектигине басым жасады жана «Мурда муну кандай кылган болсок, кайра ишке ашырабыз./.../Мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрү өсүп, кирешеси көбөйүп, мойнундагы жүк азайган сайын пайда болгон ресурстарды баарына калыс бөлүштүрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар