Түрк Кызылайынан Эрбилге жардам

Түрк Кызылайы Ирактагы муктаждарга колдоо көрсөтүүсүн ар жылдагыдай быйыл да улантып жатат.

2116981
Түрк Кызылайынан Эрбилге жардам

Түркиянын Кызыл Жарым Ай коому (Түрк Кызылайы) Рамазан айынын алкагында Ирактын Эрбил шаарында жардамга муктаж болгон 75 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты.

Түрк Кызылайы Ирак Түркмөн фронтунун Эрбил облустук башкы кеңсесинин имаратында муктаж болгон үй-бүлөлөргө Рамазан жардамын берди.

Түрк Кызылайынын Ирак делегациясынын төрагасынын орун басары Эрай Аккая өз билдирүүсүндө, бүткүл Ислам дүйнөсүнүн Рамазан айы менен куттуктаганын белгилеп, Түрк Кызылайынын Ирактагы муктаждарга колдоо көрсөтүүсүн ар жылдагыдай быйыл да улантып жатканын маалымдады.

Аккая: «Бул жерде Рамазан айында биринчи этапта 75 үй-бүлө менен баштадык жана Рамазан айы бою 5 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүүнү улантабыз. Түрк Кызылайы катары кайрымдууларга терең ыраазычылык билдиребиз жана колдоо көрсөтүүсүн улантарын үмүт кылабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Түрк Кызылайынын

Тектеш кабарлар