Стамбул аэропорту төртүнчү жолу "Жылдын аэропорту" сыйлыгына ээ болду

Грециянын Экали шаарында өткөрүлгөн аземде сыйлык Стамбул аэропортунун оператору ИГАнын башкы директорунун орун басары (CEO) Селахаттин Билгенге тапшырылды.

2116842
Стамбул аэропорту төртүнчү жолу "Жылдын аэропорту" сыйлыгына ээ болду

Стамбул аэропорту «Air Transport Awards» алкагында төртүнчү жолу «Жылдын аэропорту» сыйлыгына татыктуу деп табылды.

Грециянын Экали шаарында өткөрүлгөн аземде сыйлык Стамбул аэропортунун оператору ИГАнын башкы директорунун орун басары (CEO) Селахаттин Билгенге тапшырылды.

Ушундайча 2021, 2022 жана 2023-жылдары дүйнөнүн төрт бурчунан атаандаштарын артка калтырып «Жылдын аэропорту» болуп тандалган Стамбул аэропорту төртүнчү жолу катары менен бул ийгиликке жетишти.

Билдирүүдө сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзү да орун алган Билген, 4 миңден ашуун катышуучунун добушу менен төртүнчү жолу катары менен бул сыйлыкка татыктуу болуунун сыймыктандыруучу экенин баса белгиледи.

Билген: «Конокторубузга жагымдуу саякат тажрыйбасын тартуулоо үчүн эффективдүүлүк, туруктуулук, инновация жана жүргүнчүлөрдүн канааттануусу жагынан өзүбүзгө жогорку стандарттарды койдук. Бул сыйлык, сектор катары ишке ашырган практикабыздагы чын ыкластуу чечкиндүүлүгүбүздүн да көрсөткүчү. 'Air Transport Awards' тобуна бул баалуу сыйлык үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар