Эрдогандын Чанаккале жеңишинин 109 жылдыгына карата билдирүүсү

Президент Эрдоган Шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

2116742
Эрдогандын Чанаккале жеңишинин 109 жылдыгына карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Чанаккале жеңиши, мезгилдин эң заманбап армияларын тизелеткен, «Чанаккале өтүлгүс» деген сөздү тарыхта калтырган даңазалуу жеңиш болгон»,-деди.

Президент Эрдоган Шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин 109 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө, Чанаккале жеңишинин бардык баатырларын таазим кылып эскергенин айтты.

«Ыймандуу жүрөктөрдүн алдында дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын Чанаккаледе жеңилүүгө учураганын, ишенимдин жеңгенин» баса белгилеген Эрдоган: «Чанаккале жеңиши мезгилдин эң заманбап армияларын тизелеткен, «Чанаккале өтүлгүс» деген сөздү тарыхта калтырган даңазалуу жеңиш болуп саналат»,-деди. 

Президент Эрдоган Чанаккаледе теңдешсиз күрөш жүргүзгөн түрк улутунун, бардык эзилгендердин үмүтү экенине да бысым жасады.

Президент: «Колониялык башкаруу астындагы көптөгөн өлкөлөр Чанаккаледен жана андан кийин Боштондук согушубуздан алган шыктануу менен өз күрөштөрүн баштаган. Чанаккале улут катары биздин түбөлүктүү бир туугандыгыбызды билдиргени сыяктуу биз жашаган аймактын да орток тагдырын да чагылдырат. Бул өлкөнүн балдары, ата-бабаларыбыздын курмандыктарынан, Чанаккаледеги оор күрөштөн үйрөнө турчу нерселери бар»,- деди.



Тектеш кабарлар