Байрактар АКЫНЖЫ УУА-230 ракетасы менен дагы бир жолу таамай атты
Байкардын билдирүүсүнө караганда, Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын жетекчилигинде ишке ашырылган Байрактар AКЫНЖЫ долбоору ийгиликтүү уланууда.
Байкардын улуттук жана уникалдуу Байрактар АКЫНЖЫ чабуулчу учкучсуз учуучу аппараты (ЧУУA) Рокетсан тарабынан улуттук түрдө иштелип чыккан суперсоник УУA-230 ракетасы менен дагы бир жолу бутага таамай атты.
Байкардын билдирүүсүнө караганда, Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын жетекчилигинде ишке ашырылган Байрактар AКЫНЖЫ долбоорунун алкагында Байкар тарабынан иштелип чыккан Байрактар AКЫНЖЫ чабуулчу учкучсуз учуучу аппаратына (ЧУУA) ата мекендик өндүрүлгөн жаңы ок-дарылар жана системалардын интеграциясы ийгиликтүү уланууда.
Байрактар АКЫНЖЫ чабуулчу учкучсуз учуучу аппараты (ЧУУA), Roketsan тарабынан иштелип чыккан Түркиянын биринчи абадан жерге атуучу үндөн ылдам учуучу ракетасы KKS/ANS дүрмөттөлгөн УУA-230 менен дагы бир атуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.
Текирдагдын Чорлу районундагы АКЫНЖЫ Учуу, окуу жана сыноо борборунан канаттарында 2 УУА-230 менен учуп чыккан Байрактар АКЫНЖЫ алыс аралыкка атуу сыноосун жүргүзүү үчүн Синопко бет алды.
Байрактар АКЫНЖЫ тарабынан Синоп атуу аймагында 38 миң фут бийиктиктен атылган УУА-230 суперсоник ракеталар Кара деңиз жээгинен 100 километр алыстыктагы бутага таамай тийди.