Түркия - Ирак коопсуздук сүйлөшүүлөрүнүн билдирүүсү

Түркия Ирак улуттук коопсуздук кеңеши тарабынан «жикчил террордук уюм ПККнын Иракта тыюу салынган террордук уюм экендиги» тууралуу чыгарылган чечимди  ыразычылык менен кабыл алды.

2115871
Түркия  -  Ирак коопсуздук сүйлөшүүлөрүнүн билдирүүсү

Түркия Ирак улуттук коопсуздук кеңеши тарабынан «жикчил террордук уюм ПККнын Иракта тыюу салынган террордук уюм экендиги» тууралуу чыгарылган чечимди  ыразычылык менен кабыл алды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Ирак Республикасынын вице  - премьер  - министри жана тышкы иштер министри Фуад Хүсейин коштоосундагы делегациялар менен Ирактын борбор шаары Багдадда жолугушту.

«Түркия  - Ирак коопсуздук механизми тууралуу сүйлөшүүдөн» кийин жарыяланган биргелешкен жыйынтык билдирүүсүндө президент Эрдогандын рамазан айынан кийин Ирак сапарынын даярдыктарынын талкуулангандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Ирактын саясий биримдигине, эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө маани берилгендиги баса белгиленип, жикчил террордук уюм ПККнын Түркия жана Ирактын коопсуздугуна коркунуч туудургандыгы баса белгиленип, аталган уюмдун Ирак аймагында болушу Ирак конституциясынын бузулушу катары катталгандыгы билдирилди.  

Билдирүүдө Түркиянын Ирактын Улуттук коопсуздук кеңешинин жикчил террордук уюм ПККнын Иракта тыюу салынган уюм экендиги тууралуу  чечимин кубаттаганы, тараптардын уюмга каршы көрүлө турган чаралар жана кеңейтүүлөрү тууралуу кеңешкени баса белгиленди. Ирактын аймагын пайдалануу менен Түркияны бутага алган уюм жана уландыларына карата көрүлүшү керек болгон чараларды сүлөшкөндөрү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар