Февраль айында аэропорттордогу жүргүнчү санында рекорддук өсүш болду

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын (DHMİ) февраль айындагы учак, жүргүнчү жана жүк статистикасын жарыялады.

2116031
Февраль айында аэропорттордогу жүргүнчү санында рекорддук өсүш болду

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу февраль айында Түркиянын бардык аймагында кызмат кылган аэропорттордо 14 миллион 748 миң 115 жүргүнчүнүн тейленгенин билдирип: «Жүргүнчүлөрдүн санында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 25,5 пайыз сыяктуу рекорддук өсүш болду»,-деди.

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын (DHMİ) февраль айындагы учак, жүргүнчү жана жүк статистикасын жарыялады.

Февраль айында 66 миң 898 ички каттам, 49 миң 167 эл аралык каттам менен бирге 154 миң 308 учактын учканын айткан Уралоглу: «Февраль айында аэропортторубуздагы ички жүргүнчүлөрдүн саны болсо 7 миллион 220 миң 127ге, эл аралык каттамдарда 7 миллион 518 миң 213кө жетсе, транзиттик жүргүнчүлөр менен бирге жүргүнчү саны 14 миллион 748 миң 115ке көбөйдү. Жүргүнчүлөрдүн санында 2023-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 25,5 пайыз сыяктуу рекорддук өсүш болду. Эл эми аэропортторубузда ташылган жүк жана жүктүн көлөмү февраль айында ички каттамдарда 62 миң 860 тоннага, эл аралык каттамдарда 261 миң 920 тоннага жалпы 324 миң 780 тоннага жетти»,-деди.



Тектеш кабарлар