Түркия менен Британиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды

Соода министри Өмер Болат расмий сапар менен Англиянын борбор шаары Лондонго барды.

2115634
Түркия менен Британиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды

Түркия менен Британиянын ортосунда эркин соода келишимин жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

Соода министри Өмер Болат расмий сапар менен Англиянын борбор шаары Лондонго барды.

Англиянын соода министри Кеми Баденоч менен жолугушкан министр Болат, Британия менен эркин соода келишиминин жаңыланышына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн башталганын маалымдады.

Министр Болат жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө: «Улуу Британиянын соода министри Кеми Баденоч менен Лондондо абдан жемиштүү эки тараптуу жолугушуу өткөрдүк. Британия 19 миллиард долларлык соода көлөмү менен өлкөбүз үчүн стратегиялык соода өнөктөшү болуп саналат. Мындан тышкары Улуу Британия Түркиянын төртүнчү эң маанилүү экспорт өнөктөшү жана 8,3 миллиард доллардык түз инвестиция менен Түркияга эң көп инвестиция салган бешинчи өлкө. Биз бул жемиштүү жолугушууну эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин дагы да тереңдете турган маанилүү кадам катары баалайбыз. Алдыдагы мезгилде Улуу Британия менен соода дипломатиялык иш-аракеттерибизди тынымсыз улантабыз»,-деди.

(Түркия) Соода министрлиги да Түркия менен Улуу Британиянын Эркин соода келишиминин (FTA) жаңыланышына карата сүйлөшүүлөрдү баштаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар