Эрдоган Эл аралык медиа жана исламофобия форумуна билдирүү жиберди

4 - Эл аралык медиа жана исламофобия форуму борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.

2115552
Эрдоган Эл аралык медиа жана исламофобия форумуна билдирүү жиберди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестина жерлеринде жасалган кыргындын ошол эле учурда исламофобиялык аң  - сезимдин  натыйжасы экенин айтты.

4 - Эл аралык медиа жана исламофобия форуму борбор шаар Анкарада өткөрүлдү.

Президент Эрдоган форумга билдирүү жөнөттү.

Израилдин Газадагы жарандарды бутага алган кол салууларына дагы бир жолу көңүлдөрдү бурган Эрдоган : "Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын шылтоосу менен жасалгандыгы айтылса да Газада басып алынган Палестина жерлеринде жасалган кыргындын ошол эле учурда исламофобиялык аң  - сезимдин  натыйжасы экенин баарыбыз билебиз",- деди. 

Эл аралык мекемелердин  адамзаттык кылмыштардын алдында күчсүз экендигин баса белгилеген Эрдоган : "Ыйык китебибиздин өрттөнүшүнө чейин барган кол салууларга ой эркиндиги  деп айтылышын эч качан кабыл албаганыбызды бул жерден кайра баса белгилегим келет",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар