Эрдоган элчилер менен ооз ачуу программасында Газага көңүл бурду

Президент Режеп Таййип Эрдоган элчилер менен жолугушкан ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

2114529
Эрдоган элчилер менен ооз ачуу программасында Газага көңүл бурду
Erdogan-iftar

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Израиль башкаруучулары геноциддин чындыгын жашырууга аракет кылбай, Газада каза болгон ымыркайлар үчүн жооп бериши керек»,-деди.

Президент Эрдоган элчилер менен жолугушкан ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган тынчтык айы болгон Рамазанды (11-марттан 9-апрелге чейин) жакынкы чөйрөдө, өзгөчө Газада болгон окуялардан улам капа менен тосуп алгандарын айтып: «Газа жана басып алынган аймактарда 5 айдан бери уланып жаткан Израилдин кол салууларынан 32 миң бир тууганыбыз шейит болду. 73 миң палестиналык да жаракат алды. Израилдин ырайымсыз кол салууларынын натыйжасында Газа дүйнөдөгү эң чоң балдар жана аялдар көрүстөнүнө айланды. Биз минтип айтканыбызда (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху жана анын киши өлтүргүч желеси тынчсызданууда. Алар ар кандай жол менен аракет кылышты, бирок Таййип Эрдогандын чындыкты жана акыйкаттыкты кыйкыруусуна эч качан тоскоол боло алышпады»,-деди.  Эрдоган:«Алар биздин канкорду канкор деп айтуубузга тоскоол боло алышпайт. Израиль башкаруучулары геноциддин чындыгын жашырууга аракет кылбастан, Газада каза болгон ымыркайлар үчүн жооп бериши керек. Ун, макарон, жада калса бир үзүм нан алуу үчүн кезекте турган бейкүнөө жарандарды кыргандардын бизге айтаар сөзү боло албайт», - деди.

Түркиянын ушул убакка чейин жасагандай мындан ары да палестиналык бир туугандарын коргой турганын, залимдерге каршы туруудан эч качан кетенчиктебей турганын айткан президент Эрдоган:«Өлтүрүлгөн палестиналык балдарга баарыбыз карыздарбыз жана бул карызды эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү менен гана төлөөгө болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар