Эрдоган Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөттү

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Себилюррешад маданият жана искусство борборунун ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

2114426
Эрдоган Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Газадагы зулумду мыйзамдаштыргандардын бар экенин айтып: «Батыш жана башкалары өз коопсуздугу үчүн дүйнөнү отко салды»,-деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Себилюррешад маданият жана искусство борборунун ачылыш программасында сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин Газага кол салууларына реакция кылды.

Батыш менен Израилдин өз коопсуздугу үчүн дүйнөнү отко салганын баса белгилеген Эрдоган: «Израилдин Газада ишке ашырган зулумун да адам укуктары, демократия, эркиндик жана коопсуздук деген түшүнүктөр менен мыйзамдаштыруу үчүн колдонгондор ушулар эмеспи? Баарын жутканына ыраазы болбой башка жокпу дегендер ушулар болсо керек. Жада калса зулумду да мыйзамдаштыргандар бар»,- деди.



Тектеш кабарлар