Эрдоган гимндин кабыл алынышы тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Гимнибизди унуткан күн, кулчулуктун кишендери бутубузга салынат дегенди билдирет»,-деди.

2114335
Эрдоган гимндин кабыл алынышы тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Гимнибизди унуткан күн, кулчулуктун кишендери бутубузга салынат дегенди билдирет»,-деди.

Президент Эрдоган  12 -  март гимнди кабыл алуу жана гимнди жазган акын Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

Гимндин улут катары эркиндикке ээ болуу, мекенди баскынчылыктан куткаруу жана жаңы бир келечек куруу үчүн бир кылымдан дагы узун убакыт мурда улуттук консенсустун болгондугун белгилеген Эрдоган : «Цивилизациялык тажрыйбабыз, ишеничибиз, улутубуздун тарыхтагы жүрүшү улуттук гимнибиздин саптарында камтылган. Боштондук согушун жүргүзгөн Түркия Улуу Улуттук Парламентинин эрки жана чечкиндүүлүгү, аскерлерибиздин  фронттогу  өжөрлүгү, мекенге болгон сүйүүсү мамлекеттик гимнде чагылдырылган»,- деди.

Бүгүн да гимндеги ар бир сөздү, билдирүүнү денеси жана руху менен сезген жаштардын бар экендигин баса белгилеген президент Эрдоган буларды айтты : «Желек жана азанга болгон сезимталдыгын жанын аябастан коргогон балдарыбыз бар. Гимнибизди унуткан күн, кулчулуктун кишендери бутубузга салынат дегенди билдирет. Улутубуздун жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлеген улуу акын Мехмет Акиф Эрсой,  чыгармалары жана идеялары, өзгөчө гимнибиз ар дайым урмат-сый менен эскерилет. Мамлекеттик гимнибиз кабыл алынган бул күнү  көз карандысыздык күрөшүнүн бардык баатырларын, өзгөчө Мехмет Акиф Эрсойду ыраазычылык менен эскеребиз; бардык жарандарыма чын жүрөктөн чыккан сезимдерим менен салам айтам".

 

 

 

 



Тектеш кабарлар