Эрдоган : "Нетаньяху азыркы күндүн нацисти"

Режеп Таййип Эрдоган 20 миллиард калктуу ислам ааламынын Палестина калкына бир туугандык кызматын тилекке каршы толук мааниси менен орундата албагандыгын айтты.

2113118
Эрдоган : "Нетаньяху азыркы күндүн нацисти"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху жана башкаруусу Газада жасаган адамзаттык кылмаштары менен азыркы күндүн нацисттери катары аттарын Гитлер, Муссолини жана Сталиндин катарына коштурду",- деди. 

Президент Эрдоган Стамбулда Билимди жайылтуу фондунун  Кезектеги  53 -  башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө   Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларына токтолуп : "Ушул күнгө чейин Израилдин түздөн түз жарандарды бутага алган кол салууларынын натыйжасында  32 миңден ашуун палестиналык шейит болуп, 72 миңден ашуун палестиналык жараланды",- деди. 

"Адамзаттын абийиринде айыпталган бул кыргынчылардын эл аралык мыйзамдын алдында да жооп бериши үчүн зарыл блгон эмне болсо аткарып жатабыз жана аткарабыз",- деди. 

Режеп Таййип Эрдоган 20 миллиард калктуу ислам ааламынын Палестина калкына бир туугандык кызматын тилекке каршы толук мааниси менен орундата албагандыгын айтты. 

Президент : "Нетаньяху жана башкаруусу Газада жасаган адамзаттык кылмыштары менен күнүбүздүн нацисти катары аттарын Гитлер, Муссолини жана Сталиндин  катарына кошту",- деди. 

Эрдоган Газага берилген жардамдар тууралуу да : "Газага жардам жеткирүү үчүн Египет бийлиги менен  өнүгүп жаткан карым - катнашыбызды колдондук. Ушул убакка чейин 19 учак жана 7 жарандык жардам кемеси менен аймакка жөнөткөн гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 40 миң тоннага жетти. Мурунку күнү жолго чыккан Кызылайыбызга таандык  3 миң тонна жардам кемеси эртең Эл Аришке жетет»,- деди.

Президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : "Таййип Эрдоган  15 жыл мурда канкорлордун бетине 'one minute' дегенде кай жерде турган болсо бүгүн да ошол жерде турат. Мамлекети менен улуту менен Палестина доосуна эң жогорку деңгээлде ээ чыккан, талаш  - тартышсыз өлкө албетте Түркия. Бизге карата адилетсиз мамиле кылгандарды өздөрүн териштирүүгө чакырамын. Хамастын лидерлери менен абдан ачык, так, баары тууралуу сүйлөшө алган, алардын артында турган бир гана өлкө Түркия".

 

 



Тектеш кабарлар