Мерсинден Газага 7-жардам кемеси жөнөтүлдү
Бүгүнкү күнгө чейин Түркиядан Газага 12 учак жана 6 кеме жөнөтүлдү.
Газага жеткирилиши үчүн Түркиянын Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчилигинде даярдалган 2 миң 737 тонна гуманитардык жардам жүктөрүн ташыган 7-кеме Мерсин эл аралык портунан жөнөп кетти.
Түрк Кызылайы, Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер коому (MÜSİAD), донорлор жана бейөкмөт уюмдардын кызматташтыктагында даярдалган тамак-аш кутулары, суу, ун, кийим-кече, гигиена, чатыр, уктоочу баштык, жууркан-төшөк, баш калкалоочу материалдар, медициналык жана балдар буюмдары «МАРИН» аттуу кемеге жүктөлдү.
Кеме Мерсин эл аралык портунан азем менен узатылды.
Бүгүнкү күнгө чейин Түркиядан Газага 12 учак жана 6 кеме жөнөтүлдү.
Бүгүн жөнөтүлгөн кемеде болсо жардамдардын эң чоңу бар.
Жардам алгач Египеттин Эл-Ариш портуна, андан кийин фураларга жүктөлүп Газага жөнөтүлөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Эл-Кебирди кабыл алды
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Стамбулдагы жолугушууга байланыштуу билдирүүнү бөлүштү.