Улуттук чалгындоо уюмунун Ирактын түндүгүндөгү операциясы

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Сулейманиеде тийиштүү шарттар түзүлгөн соң КЖК-НЛПнын мүчөсү террорист Хүснү Күмек MİT тарабынан уюштурулган чекит операциясы менен жок кылынды.

2111697
Улуттук чалгындоо уюмунун Ирактын түндүгүндөгү операциясы

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Ирактын Сүлеймание шаарында жикчил террордук уюм ПККнын Сүлеймание-Келар боюнча жооптуусу делген «Шевгер Азад Арас» каймана аттуу Хүснү Күмекти Ирактын Сүлеймание шаарында чекитке так операциясы менен таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, бир кезде ПККнын Аткаруу кеңешинин тең төрагасы Жемил Байык менен Аткаруу кеңешинин мүчөсү Дуран Калкандын чабарманы жана жансакчысы болгон Хүснү Күмектин Сүлейманиеде жашыруун иш-аракеттерди жасаганы аныкталды.

ПККнын чалгындоо түзүмдөрүнүн бири болгон НЛПнын ичинде атайын милдеттерди аткарган, уюм үчүн Сүлеймание жана Келарда окуу-машыгуу иш-чараларын уюштурган Хүснү Күмектин окуу-машыгуу учурунда алган чалгындоо маалыматтарын жикчилдердин жогорку жетекчилигине өткөрүп бергени жана аймактын элин Түркияга каршы үгүттөгөнү белгилүү болду.

MİT, Сүлейманиедеги талаа тыңчылары аркылуу Күмектин жашынган жерин аныктады.

Чогултулган чалгындоодон кийин террористти жок кылуу үчүн комплекстүү иш-аракеттер башталды.

Сулейманиеде тийиштүү шарттар түзүлгөн соң КЖК-НЛПнын мүчөсү террорист Хүснү Күмек MİT тарабынан уюштурулган чекит операциясы менен жок кылынды.



Тектеш кабарлар