Куртулмуш мавританиялык кесиптеши менен жолугушту

Куртулмуш социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2111537
Куртулмуш мавританиялык кесиптеши менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Мавритания Ислам Республикасынын Улуттук Парламентинин төрагасы Мохамед Бамба Оулд Мегуетт менен жолугушту.

Куртулмуш социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Ислам Кызматташтыгы Парламенттик Ассамблеясы (ISIPAB) программасынын алкагында Мавританияда Мегуетт менен жолукканын айтып: «Эки өлкөнүн карым-катнаштарына баа берген жолугушуубузда, Мавританиянын Африка Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити менен кезектешкен төрагалыгын өткөрүп алышынан улам куттуктоолорубузду билдирдик»,-деди.



Тектеш кабарлар