Министр Фидан ИКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат

Хакан Фидан жыйындын алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.

2111068
Министр Фидан ИКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиянын Жидда шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышат.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Министрибиз 2024-жылдын 5-мартында Жидда шаарында өтө турган «Израилдин Палестина элине кол салуулары» темасындагы ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышат»,- деп айтылды.

Хакан Фидан 11-ноябрда Эр-Риядда өткөрүлгөн Араб Лигасы – ИКУнун кезексиз саммитинде кабыл алынган чечимдердин уландысы максатында боло турган жыйындын алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.



Тектеш кабарлар