Соода министри Өмер Болат Сауд Арабияда жолугушууларды өткөрүүдө

Министр Болат алгач Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту.

2110227
Соода министри Өмер Болат Сауд Арабияда жолугушууларды өткөрүүдө

Соода министри Өмер Болат Сауд Арабияда жолугушууларды өткөрүүдө.

Министр Болат алгач Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту.

Министр Болат жолугушуу тууралуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Ал Сауд Арабиянын инвестиция министри менен жолугушууда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтык потенциалы каралганын айтып, жалпы максаттар талкууланганын баса белгиледи.

Министр Болат: «Ал-Фалих мырза менен курулуш, туризм, өндүрүш өнөр жайы, тамак-аш жана туруктуу өнүгүү сыяктуу көптөгөн тармакта инвестициялык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштүк»,-деди.

Соода министри Болат Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын дагы да күчөй турганын айтты.

Ал өз ара инвестицияларды көбөйтүү аракеттери мындан ары да күчтүү түрдө улана турганын белгиледи.

Соода министри Болат андан соң Сауд Арабиянын айыл иштери жана турак жай министри Мажид аль-Хукайл менен жолугушту.

Экспо 2030 жана башка көптөгөн эл аралык иш-чараларды өткөрө турган Сауд Арабияда түрк фирмаларынын жаңы долбоорлорго активдүү катышуусу максатталган.

Министр Болат болжол менен 3 миллиард долларлык подряддык кызматтардын жаңы долбоорлор менен жогорку деңгээлге көтөрүлөрүн белгиледи.

Соода министри Өмер Болат Сауд Арабияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана жарманкенин ачылышына катышат.

Министр Болат Сауд Арабияда жайгашкан түрк подряддык фирмалары менен да кеңешме жыйынын өткөрөт.



Тектеш кабарлар