Египеттин тышкы иштер министри Түркия менен карым - катнаштар тууралуу билдирди

Шукри 3 -  Анталья дипломатиялык форумунда Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

2109958
Египеттин тышкы иштер министри Түркия менен карым  - катнаштар тууралуу билдирди

Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри Түркия жана Египеттин элдеринин ортосундагы байланыштын саясий, экономикалык жана маданий тармактарда жогорку деңгээлдеги кызматташуунун зарылдыгын ортого  салгандыгын айтты.

Шукри 3 -  Анталья дипломатиялык форумунда Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Министр Шукри акыркы мезгилде Египет жана Түркиянын ортосундагы жакшы карым  - катнаштар жана кызматташунун маанисин белгилеп, президент Режеп Таййип Эрдогандын Египет сапары жана Египеттин президенти Абдулфеттах ес  -  Сиси менен жолугушуусунун эки өлкө үчүн жаңы бир мезгилдин башталышы болгондугун айтты.

Акыркы мезгилде эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгына болгон эки тараптуу карым  - катнаштарга кирүү эркин көрсөтүүсүнүн Египет жана Түркия карым  - катнаштары жактан жаңы бир мезгилдин башталышы болгондугун баса белгилеген Шукри : «Эки элдин ортосундагы  тарыхый байланыш саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө координация жана кызматташтыктын зарылдыгын ортого салды»,- деди.  

Шукри президент Эрдогандын сапарынын ушундай кызматташтык жана координация үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болгонун белгилеп, эки президенттин  министрлерине орток кызыкчылыктардын алкагында аймактын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн дагы эффективдүү иштөөнү тапшырганын эске салды.

Түркия менен Египеттин дагы түшүмдүү карым  - катнашты баштоосу менен аймактагы кыйынчылыктарды бирдикте жеңе ала тургандарын айткан Шукри : «Кызмтаташуу тармактарын табарыбызды жана кызыкчылыктарыбызга байланыштуу түзө турган түшүмдүү диалогдун жакшы шарттарды түзүшү үчүн мүмкүнчүлүк болорун ойлоп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар