Эрдоган Антальяда элге кайрылды

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери  Эрдоган, партиясынын Анталиядагы митингинде сөз сүйлөдү.

2110088
Эрдоган Антальяда элге кайрылды

Президент Режеп Тайып Эрдоган : «Өлкөбүздү саясат, дипломатия, өнөр жай, технология, айыл чарба жана туризм менен дүйнөнүн туу чокусуна кандай алып чыккан болсок,  Түркия кылымы менен да туу чокуга чыгарабыз»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери  Эрдоган, партиясынын Анталиядагы митингинде сөз сүйлөдү.

Туризми, айыл чарбасы жана соодасы менен өзгөчөлөнгөн Антальянын дүйнөлүк дипломатиянын жылдыздарына  айланганын белгилеген Эрдоган, кечээ башталган 3 - Анталья дипломатиялык форумунун бул жогорулоонунн белгилеринин бири экенин белгиледи.

Эрдоган Антальянын дүйнөлүк шаар статусун ар тармакта бекемдөө убадасын аткара тургандарын айтты.

«Түркия өткөн жылы 4,5 пайыз өсүп, улуттук кирешебиз 1,1 триллиондон ашты, киши башына улуттук кирешебиз 13 доллардан ашты. Түзгөн үзгүлтүксүз өсүү климаты менен иш менен камсыз кылууда,  өндүрүш, экспорт жана туризмде  жыл сайын жаңы рекорддорду жаңылоо менен жолубузду улантуудабыз",- деди.  



Тектеш кабарлар