Эрдоган Антальяда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Президент Эрдоган Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбанды да Анталияда кабыл алды.

2109928
Эрдоган Антальяда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
viktor orban-erdogan antalya.jpg
barzani-erdogan.jpg
cibuti ismail omer gulle-erdogan.jpg
sirp milorad dodik-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган 3 -  Анталья Дипломатиялык форумунун негизинде  жолугушууларын улантууда.

Президент Эрдоган, Анталья Дипломатиялык форуму үчүн Түркияга келген жибутилик кесиптеши Исмаил Өмер Гуэлле, Босния - Герцеговинанын Сербдер бөлүмүнүн башчысы Милорад Додик жана Эсватини королу III. Мсвати менен жолугушууларды өткөрдү.

Президент Эрдоган Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбанды да Анталияда кабыл алды.

Жолугушууда Түркия - Венгрия карым - катнаштары, Израилдин Палестинага кол салуулары, Украина - Россия согушундагы акыркы абал, Түркия - Европа Биримдиги карым - катнаштары менен НАТОнун кеңейүү процесси каралды.

Эрдоган Түркия менен Венгриянын ортосундагы жакшы карым - катнаштардын экономикадан коргонуу өнөр жайына, энергетикадан транспортко чейин бир топ тармакта өсө тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган Израилдин эл аралык укук жана адам укуктарын жок деп санаган геноцид аракетине бөгөт коюнун бардык мамлекеттердин милдети экенин белгиледи.

Эрдоган Түркиянын бардык кагылышуу аймактарында  тынчтыкты жактагандыгын жана бул үчүн күчтүү кадамдарды таштоонун улантыларын ортого салды. 

Президент Эрдоган Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзанини да кабыл алды.

Президент Эрдоган Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин мүчөлөрү Денис Бечирович жана Зелжка Чвиянович менен да жолугушту.

Эрдогандын Мадагаскардын президенти Андри Ражоелина менен болгон жолугушуусунда Түркия менен Мадагаскардын карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелерге баа берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Түркия Республикасы менен Мадагаскар Республикасынын ортосундагы соода жана экономикалык кызматташтык келишимине» да кол коюлду.

Эрдоган Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен да жолугушуу өткөрдү.

Эрдоган Косовонун президенти Вйоса Османи-Садриу менен да жолугушту.

Эрдоган кесиптешине Косоводогу Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) түзүмүнө каршы күрөштүн маанилүү экенин жана бул багытта жылыш болушу керектигин айтты.

Президент Эрдоган форумдун биринчи күнүндө (кечээ) Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангули Бердымухамедов жана болгариялык кесиптеши Румен Радев менен жолугушту.

Президент Эрдогандын лидерлер менен болгон эки тараптуу жолугушууларында өлкөлөр ортосундагы карым - катнаштар жана аймактык маселелер каралып, негизги күн тартиби Газадагы адамзаттык трагедия болду.

 



Тектеш кабарлар