Террор менен күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
2109655
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Күлпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү күрөшүн үзгүлтүксүз улантып жатканы баса белгиленип: «Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Күлпу» операциясы аймагында аныкталган эки ПКК террористи, куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен таасирсиз кылынды. Аймакта бир дагы террорист калмайынча операцияларыбыз чечкиндүүлүк менен уланат», деген сөздөр камтылды.