Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумуна байланыштуу өз билдирүүсүн бөлүштү

Министр Фидан, форумдун «Кризистер учурунда дипломатияга басым жасоо» деген негизги тема менен бүгүн башталганын айтты.

2109793
Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумуна байланыштуу өз билдирүүсүн бөлүштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, 3-Анталья дипломатиялык форумуна (АДФ) байланыштуу: «АДФ 2024түн глобалдык көйгөйлөргө жана адилетсиздикке каршы күрөшүбүзгө салым кошушун, дүйнөбүз үчүн пайдалуу болушун тилеймин»,-деди.

Фидан X социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын карамагында жана Тышкы иштер министрлигинин кожоюндугунда уюштурулган форумдун «Кризистер учурунда дипломатияга басым жасоо» деген негизги тема менен бүгүн башталганын айтты.

АДФ 2024түн 3 күн бою мамлекет жана өкмөт башчыларын, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди, ишкерлерди, адистерди, академиктерди жана жаштарды жолугуштура турганын белгилеген Фидан, форумдун катышуучуларына ортомчулуктан миграцияга, технологияларды өнүктүрүүдөн азык-түлүк коопсуздугуна, терроризмден туруктуу өнүгүүгө чейин көптөгөн темаларды талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берерин билдирди.

Министр Фидан: «Форумдун алкагында өткөрүлө турган сессияларда жана эки тараптуу жолугушууларда, Газада уланып жаткан кыргын баш болгон эл аралык тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудурган кризистерге каршы чечүүчү ыкмаларды карап чыгабыз. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген катышуучулар менен дипломатиянын бардык жолдорун колдонуп дагы да адилеттүү, тынч жана гүлдөп өнүккөн келечек максатына кантип салым кошо аларыбызды талкуулайбыз. АДФ 2024түн глобалдык көйгөйлөргө жана адилетсиздикке каршы күрөшүбүзгө салым кошушун, дүйнөбүз үчүн пайдалуу болушун тилеймин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар