Фахреттин Алтун : Түркия медиа жана коммуникация тармагында 10 баскыч жогорулады

Түркия эл аралык брендге баа берүүчү мекеме Brand Financтын Глобалдык жумшак күч индексинде медиа жана коммуникация тармагында 10 баскыч жогорулады.

2109271
Фахреттин Алтун : Түркия   медиа жана коммуникация тармагында 10 баскыч жогорулады

Түркия эл аралык брендге баа берүүчү мекеме Brand Financтын Глобалдык жумшак күч индексинде медиа жана коммуникация тармагында 10 баскыч жогорулады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, Brand Finance тарабынан даярдалган Глобалдык жумшак күч индексинин (Global Soft Power Index) 2024 - жылдагы маалыматына караганда Түркиянын медиа жана коммуникация тармагында өткөн жылга салыштырмалуу 10 баскычка жогорулап 193 өлкөнүн арасында 18 - орунда экендигин белгиледи.

Алтун социалдык медиа эсебинде түрк жана англис тилдериндеги билдирүүлөрүндө : «Эл аралык масштабда медиа жана коммуникация тармагындагы ишибиздин инклюзивдүүлүгү, эффективдүүлүгү, ишенимдүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү өлкөбүздүн бул өсүшүн аныктоочу факторлор болду»,- деди.

Ошол эле индекстин «Таасир чөйрөсү» категориясында 13 - орунда турган Түркиянын жогорку көрсөткүчүнүн эл аралык карым - катнаштардагы ийгилиги менен бирге бай маданий мурасынан улам экендигин белгилеген Алтун : «Дипломатиялык демилгелер, өткөрүлгөн эл аралык жыйындар жана улуттук брендинг тармактарында ишке ашырылган ийгиликтүү коммуникация стратегияларынын таасири менен Түркия Глобалдык жумшак күч индексинде 2020 - жылдан бери эң көп көрсөткүчүн арттырган өлкөлөрдүн арасында кирүүдө ийгиликтүү болду».



Тектеш кабарлар