Түркия дипломатиялык тармагы эң кенен үчүнчү өлкө

Өлкө жана аймактар ээ болгон тышкы өкүлчүлүк санына карата тизмеленди.

2108761
Түркия  дипломатиялык тармагы эң кенен үчүнчү өлкө

Борбору Австралия болгон Лоуи институту дүйнөдөгү «эң негизги» дипломатиялык тармактарын аныктоо максатында Азия, G20 жана Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунан (OECD) 66 өлкөгө байланыштуу  маалыматтарды иликтеген "Глобалдык Дипломатия Индекси" деген отчетун жарыялады.

Отчетто 2023 -  жыл июль  - ноябрь айларында  66 өлкө жана аймактын расмий мекемелеринен алынган маалыматтар пайдаланылды.

Өлкө жана аймактар ээ болгон тышкы өкүлчүлүк санына карата тизмеленди. Ушуга караганда дипломатиялык тармагы эң кенен өлкө Кытай болгон болсо экинчи орунду АКШ алды.

Отчетко караганда дүйнө жүзү боюнча 252 чет элдик өкүлчүлүгү болгон Түркия эң чоң дипломатиялык тармак рейтингинде үчүнчү орунду алды.

Түркиянын 2021 - жылдан бери 11 чет элдик өкүлчүлүк ачканы жана алардын көбүнүн Жакынкы Чыгыш жана Африкада экендиги белгиленген отчетто өлкөнүн дипломатиялык тармагынын болжол менен 40 пайызынын Европада экендиги билдирилди.

Отчетто Кытай, АКШ жана Түркиядан кийин кезеги менен Япония, Франция, Россия, Британия, Германия, Италия жана Бразилия биринчи ондо орун алды.

Дипломатиялык булактарга караганда Түркиянын  2002 -  жылы  163 болгон активдүү тышкы өкүлчүлүк саны  2024 – жылдан тарта  261ге жогорулады.



Тектеш кабарлар