Хакан Фидандын Бразилиядагы эки тараптуу жолугушуулары

Министр Фидан Рио-де-Жанейродо орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

2106428
Хакан Фидандын Бразилиядагы эки тараптуу жолугушуулары
disisleri bakani alicia barcena-hakan fidan.jpg
fransa avrupa ve dışişleri bakani stephane sejourne-fidan.jpg
suudi arabistan disisleri bakani faisal bin farhan-fidan.jpg
brezilya disisleri bakani mauro vieira-fidan.jpg
afrika uluslararasi iliskiler ve isbirligi bakani naledi pandor-lavrov.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн барган Бразилиядагы жолугушууларын улантууда.

Министр Фидан Рио-де-Жанейродо орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту.

Жолугушууда алдыдагы мезгилге пландалган жогорку деңгээлдеги сапарлар, эки тараптуу жана аймактык өнүгүүлөр талкууланды.

Министр Фидан кесиптешине Украина согушунда бардык тараптардын катышуусу менен дипломатиялык чечим табылышын үмүт кылганын, Түркиянын аймактык ырааттуулук менен гүлдөп-өнүгүүнү сактоо үчүн бардык демилгелерди колдоорун билдирди.

Эки министр Газадагы оор гуманитардык абалды жана ташталышы мүмкүн болгон кадамдарды да талкуулашты.

Министр Фидан Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан менен да жолукту.

Жолугушууда Газада чукул ок атышпоо жана эки мамлекеттүү чечим үчүн аймактык өлкөлөрдүн таштай турган кадамдары талкууланды.

Ушунун негизинде  министр Фидан кесиптешине 1-3-мартта боло турган Анталья дипломатиялык форумунда (AДФ) өткөрүлө турган «Газа панелинин» маанилүү мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын айтты.

Жолугушууда эки тараптуу жана экономикалык карым-катнаштар менен коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкка да баа берилди.

Министр Фидан Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Стефан Сежурн менен да жолугушту.

Фидандын Сежурн менен болгон жолугушуусунда жогорку деңгээлдеги сапар графиги, аймактык маселелер жана Түркия-Европа Биримдиги  карым-катнаштары каралды.

Газадагы абалдын дагы да курчушуна жол бербөө үчүн чукул түрдө  кадамдардын ташталышы керектигин баса белгилеген Фидан, бул темада эл аралык коомчулуктун биримдикте иш-аракет кылышынын шарт экенин белгиледи.

Украинадагы согуштун бул өлкөнүн жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдигинин алкагында чечилиши керектигине көңүл бурган Фидан, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин башка талапкер өлкөлөрдөн өзүнчө кармалышынын стратегиялык жаңылыштык болорун белгиледи.

Министр Фидан Африканын Эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Наледи Пандор менен да жолугушту.

Фидан Түркиянын Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна кайрылуусун колдогонун белгиледи.

Жолугушууда Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафосанын ушул жылдын аягында Түркияга жасай турган расмий сапарына даярдыктар каралып, эки тараптуу карым-катнаштар, экономика, соода, билим берүү жана терроризм менен күрөшүү маселелери да талкууланды.

Фидан Бразилиянын тышкы иштер министри Мауро Виейра жана Мексиканын тышкы иштер министри Алисия Барсена менен да өзүнчө жолугушту.



Тектеш кабарлар