Президенттин кеңешчиси Кылыч АКШ делегациясын кабыл алды

Кабыл алууда, Түркия-АКШ карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык жагдайлар каралып, коргонуу тармагындагы кызматташтык тууралуу пикир алмашылды.

2105659
Президенттин кеңешчиси Кылыч АКШ делегациясын кабыл алды

Президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч, АКШнын Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринин кеңешчилеринин орун басарлары менен аларды коштогон делегацияны кабыл алды.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабыл алууда, Түркия-АКШ карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык жагдайлар каралып, коргонуу тармагындагы кызматташтык тууралуу пикир алмашылды.

Кабыл алууга АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчисинин орун басары Жеймс О'Брайен, АКШнын Коргоо департаментинин кеңешчисинин орун басары Дебора Розенблюм, АКШнын Коргоо департаментинин кеңешчисинин милдетин аткаруучу Випин Наранг, АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейк жана аны коштогон делегация катышты.



Тектеш кабарлар