Эрдоган : «Түркия менен Албания Балкандын тынчтыгынын сакталышына салым кошкон эки НАТО шериктеши»

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2105114
Эрдоган : «Түркия менен Албания Балкандын тынчтыгынын сакталышына салым кошкон эки НАТО шериктеши»

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Түркия менен Албания Балкандын тынчтыгынын жана ырааттуулугунун сакталышына салым кошкон эки НАТО шериктеши. Албания менен Балкан боюнча диалогубузду дагы да күчөтүп улантабыз»,-деди.

Президент Эрдоган кечээ расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен Президенттик комплексте өткөрүлгөн «Түркия-Албания Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны» жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Рама менен аймактагы жана дүйнөдөгү окуялар тууралуу пикир алмашканын белгилеп: «Түркия жана Албания Балкандагы тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышына салым кошкон эки НАТО шериктеши. Биз Албания менен Балкан боюнча диалогубузду дагы да күчөтүп улантабыз»,-деп айтты.

Албания менен коргонуу өнөр жайы жана аскердик тармактарда жакын кызматташтыкты тереңдетүү каалоолорун билдирген Эрдоган, кол коюлган Аскердик план келишиминин бул эрктин эң так көрүнүшү экенин айтты.

Албаниянын 2022-2023-жылдардагы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Убактылуу мүчөлүгүн ийгиликтүү аяктаганы үчүн куттуктаган Эрдоган: «Албания, кезектешкен төрагалык мөөнөттү Түркиядан өткөрүп алган Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө чоң салым кошооруна ишенем», - деди

Конок премьер-министр Рама Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына токтолуп: «(Газада) ок атышпоонун убагы келди. Барымтадагылар бошотулушу керек. Түркия алмаштырылгыс бир актер. Ал эртеңки күндүн коопсуздугун камсыз кылуучу актёр, айрыкча Газа жана Израилге байланыштуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар