Эрдоган жаңы конституцияга басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада судья жана прокурорлордун чүчүкулак тартуу аземинде сөз сүйлөдү.

2105060
Эрдоган жаңы конституцияга басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган өлкөнүн коопсуздугун, жыргалчылыгын жана тынчтыгын мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдары аркылуу бекемдөө үчүн аракетин уланта тургандарын билдирди.

Эрдоган борбор шаар Анкарада судья жана прокурорлордун чүчүкулак тартуу аземинде сөз сүйлөдү.

Конституция боюнча ар бири ар башка юрисдикцияга ээ болгон жогорку сот мекемелеринин ортосунда карама-каршылык бар экенин баса белгилеген Эрдоган, бул карама-каршылыктын чечилиши керектигин айтты.

Өлкөнүн жаңы Конституцияга муктаж экенин көп айтышкандарын эске салган Эрдоган, конституциялык өзгөртүүнү талап кылган маселелерде парламентте кеңири мунаса түзүүнүн маанисине басым жасады.

Жаңы конституция мүмкүн болбосо дагы сот тармагындагы көйгөйлөрдү чече турган конституциялык өзгөртүү үчүн мунаса издей тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Республиканын тарыхындагы эң маанилүү реформаларды ишке ашырууга жетишкен администрация катары биз бул маселенин чечилишин камсыз кылабыз»,- деди.

Президент:« «Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери менен өлкөбүздүн коопсуздугун, бакубаттуулугун жана тынчтыгын бекемдөө үчүн мындан ары да биргелешип иштөөнү уланабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар