Куртулмуш : «Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да алдыга жылдырабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш Азербайжандын Эгемендүүлүк жана Куралдуу Күчтөр майрамынан улам Президенттик Бештепе улут конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн программага катышты.

2144277
Куртулмуш : «Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да алдыга жылдырабыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш : «Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын дагы да алдыга жылышы үчүн бардык күчүбүз менен күрөшөбүз»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш Азербайжандын Эгемендүүлүк жана Куралдуу Күчтөр майрамынан улам Президенттик Бештепе улут конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн программага катышты.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүн Азербайжандын Эгемендүүлүк күнүн куттуктоо менен баштаган Куртулмуш, дүйнө башынан кечирип жаткан процесске көңүл буруп, алдыдагы мезгилде дүйнөдө тең салмактуулуктарга радикалдуу түрдө таасир эте турган жаңы күч борборлорунун пайда болушунун сөзсүз түрдө экенин айтты.

Бул процессте түрк дүйнөсүнүн биримдигинин маанилүү экенин баса белгилеген Куртулмуш, Азербайжан менен Түркиянын түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсү жана өсүүсүндө эң маанилүү актерлор болоорун белгиледи.

Куртулмуш эки өлкөнүн ортосунда өзгөчө акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан жакшы карым-катнаштардын түрк мамлекеттерине үлгү болоорун белгилеп: «Биз Азербайжандын өзгөчө акыркы мезгилде жетишкен тарыхый ийгиликтерин ыраазы болуу менен баалайбыз жана бул ийгиликтердин уланышын каалайбыз»,- деди.

Түркия менен Азербайжандын мүмкүнчүлүктөрүн жана дараметин бир убакта эң жакшы колдонууга чечкиндүү жана ынтаалуу экенин баса белгилеген Куртулмуш: «Түркия менен Азербайжандын ортосундагы бул күчтүү карым-катнаштар өзүнө тартуу борборун түзүп, Түрк Мамлекеттер Уюмунун алдыдагы мезгилде дүйнөнүн эң эффективдүү, көп тараптуу уюмдарынын бири болушун камсыздайт.

Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын алдыбыздагы мезгилде ар тармакта алда канча алдыга жылышы үчүн бардык күчүбүз менен күрөшөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар