Министр Фидандын Мюнхендеги дипломатиялык алакалары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 60-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында эки тараптуу жолугушууларын улантууда.

2103753
Министр Фидандын Мюнхендеги дипломатиялык алакалары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 60-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында эки тараптуу жолугушууларын улантууда.

Фидан Германиянын Мюнхен шаарында Исландия жана Италиянын тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Министр Фидандын Исландиянын тышкы иштер министри Бьярни Бенедикцсон менен жолугушуусунда НАТОнун кеңейүү процесси, Украинадагы окуялар жана Газадагы абал талкууланды.

Фидандын Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни менен болгон жолугушуусунда Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштары кеңири талкууланды.

ЕБ менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн алдындагы саясий тоскоолдуктардын жоюлушу күтүүлөрүнүн күн тартибине коюлган жыйналышта Түркияга башка талапкер өлкөлөрдөн башкача мамиле жасалышынын кабыл алынгыс экени дагы бир жолу баса белгиленди.

Жолугушууда Евробиримдиктин Газадагы кыргынды токтотуу үчүн дагы күчтүү билдирүүлөрдү бериши жана конкреттүү кадамдарды ташташы керектиги да баса белгиленди.

Ливиядагы абалдар талкууланган жолугушууда Ливияда ырааттуу жана туруктуу тынчтык үчүн көрүлө турган биргелешкен аракеттерге баа берилди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) башкы прокурору Керим Ахмед Хан менен да жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда башкы прокурор Хан Фиданга Израилдин Газадагы кыймылдарына байланыштуу уланып жаткан процесс тууралуу маалымат берди.

Хан эл аралык коомчулук тарабынан жасалган бардык чакырыктарга карабастан Израилдин Газада колдонгон ыкмаларында эч кандай өзгөртүү жасабаганын белгилеп, Эл аралык кылмыш соту (ICC) катары мыйзамды бузгандарды жоопкерчиликке тартууга милдеттүү экенин белгиледи.

Фидан да Ханга мыйзамдык процесстин убакытты талап кылышы мүмкүн экенин түшүнүшкөндөрүн, бирок Газадагы абалдын күндөн-күнгө начарлап баратканын жана артка кайтуу мүмкүн эмес чекке жеткенден кийин Палестина калкынын пайдасына чечим чыгаруунун апаатты артка кайтара албай турганын айтты.

Тышкы иштер министри Фидан Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен да жолукту.

Фидан кесиптешине Газада уланып жаткан кыргынды тез арада токтотуу үчүн чара көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда эки тарап тең Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн дагы көп аракеттердин көрүлүшү керектиги боюнча макулдашса, эки тараптуу экономикалык карым-катнаштар да талкууланды.

Хакан Фидан Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак менен да жолугушту.

Фидан жолугушуулардын алкагында Германиянын Бундестагынын Социал-демократиялык партиясынын (SPD) депутаттарынан парламенттин төрага орун басары Айдан Өзогузду жана SPD тобунун тышкы саясат боюнча өкүлү Нилс Шмидди да кабыл алды.

Тышкы иштер министри Фидан Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Иерапетритис менен да жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X медиа эсебинде жасаган билдирүүсүндө эки тараптуу жана аймактык карым-катнаштардын жолугушууда каралган темалардын арасында болгонун жана 5-Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинде кол коюлган келишимдердин уландысы болгонун айтты. 2023-жылдын 7-декабрында Афинада боло турган саясий диалог, оң күн тартиби жана Ишеним чаралары жолугушууларынын алкагында таштала турган кадамдардын да талкууланганын белгиледи.

Кечели жолугушууда Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин Анкара сапарына даярдыктын да сүйлөшүлгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар