Эрдоган: «Бул геноцид тууралуу унчукпай коюунун түйшүгү жана кесепети өтө чоң»

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Бириккен Араб Эмирликтеринен (БАЭ) жана Египеттен кайткан учакта күн тартибине байланыштуу баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2102890
Эрдоган: «Бул геноцид тууралуу унчукпай коюунун түйшүгү жана кесепети өтө чоң»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин Рефах аймагына кол салууларына байланыштуу: «Бул геноцид тууралуу унчукпай коюунун түйшүгү жана кесепети чоң», - деди.

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Бириккен Араб Эмирликтеринен (БАЭ) жана Египеттен кайткан учакта күн тартибине байланыштуу баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

БАЭде өткөрүлгөн Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитиндеги сөзүндө Түркиянын Газа кризиси жана Палестина маселесине карата мамилесин билдиргенин жана туруктуу тынчтык үчүн чечимдерди сунуштаганын айткан Эрдоган: «Израиль Палестина элинин эң негизги укуктарын жана 1967-жылдагы чек араларда Палестина мамлекетинин түзүлүшүн кабыл албаса, тынчтык болбойт»,-деди.

Израилдин Рефах аймагына кол салууларынын адаттагыдай абийирсиз аракеттери болгонун баса белгилеген Эрдоган, ал жердеги элдин коопсуздугунан баш тартуунун мүмкүн эместигин айтты.

Президент: «Ойлонуп көргүлө, карапайым элге «бул жерге баргыла, бул жер коопсуз" деп айтып, анан бомба таштоо адамдык баалуулуктарга, согуш мыйзамына, эл аралык укукка жана адам укуктарына туура келеби? Адамзат бул кыйкырыкты мүмкүн болушунча тезирээк угушу керек. Бул геноцид тууралуу унчукпай коюунун түйшүгү жана кесепети өтө чоң. Ошол элдин кырылышына көз жумгандарды тарых соттойт. Бул геноцидди кылып жаткандар эмитеден тарых алдында күнөөлүү деп табылган»,-деп айтты.

Тынчтык чакырыктарынын тилекке каршы АКШнын терс мамилесинен улам ишке ашпай калганын белгилеген Эрдоган, процесстин башында Израиль тарапта болгон кээ бир өлкөлөрдүн азыр кандай өкүнүчтүү абалда калганын көрүүгө болоорун айтты.

Түркиянын туруктуу тынчтык үчүн аракеттерин улантканын баса белгилеген Эрдоган: «Чечимдин 1967-жылдагы чек араларына негизделген, борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү, географиялык жактан интеграцияланган Палестина мамлекетинин түзүлүшү экенин дүйнө мындан ары көз жаздымда калтыра албайт. Түркия палестиналык бир туугандарын гана эмес, адам укуктарын, тынчтыкты жана эл аралык укукту да коргойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар