Эрдоган: «Шаар трансформация процессин дагы ылдамдатабыз»

Президент Эрдоган өзү төрагасы болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Текирдагдагы митингинде элге кайрылуу жасады.

2100716
Эрдоган: «Шаар трансформация процессин дагы  ылдамдатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, шаар трансформация процессин дагы да ылдамдата тургандарын айтты.

Президент Эрдоган өзү төрагасы болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Текирдагдагы митингинде элге кайрылуу жасады.

Эрдоган, өткөн жылдын 6-февралында очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин аймакты кайра жандандыруу аракетин тездик менен уланткандарын баса белгилеп:«Биз 53 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган кырсыктын бир жылдыгында ал жерде болгонбуз. Өкмөтүбүз жер титирөө болгон аймактан  эч качан чыкпаганын жана чыкпай тургандыгын дагы бир жолу көрсөттүк. Бүткөрүлгөн үйлөргө чүчүкулак карматып, үй алууга укуктуу болгон бир туугандарыбызга үйлөрүн өткөрүп бердик»,-деди.

Жер титирөөдөн жапа чеккен 11 облусту кыдырып, үй алууга укуктуу болгондорго тапшырууну уланткандарын айткан Эрдоган:«5 облустта жеке өзүбүз тапшырган үйлөрдүн саны 31 миңден ашты. Тыным албайбыз. Бул чындыкты чет өлкөдөн аймакты көрүү үчүн келген чет элдик басма сөз өкүлдөрү да ачык көрүүдө»,-деди.

Президент шаарларды трансформациялоо процессин мындан ары да ылдамдата тургандыктарын билдирди.



Тектеш кабарлар