Нуман Куртулмуш Азербайжан тууралуу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына чакыруу салды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш берген жазуу түрүндөгү маалыматында Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында Азербайжан делегациясынын уруксат документтеринин бекитилбегенине өкүнгөндөрүн билдирди.

2100502
Нуман Куртулмуш Азербайжан тууралуу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына чакыруу салды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин (TBMM) спикери Нуман Куртулмуш Азербайжан делегациясынын уруксат документтеринин Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында  бекитилбегендигин жана мунун кыска убакыттын ичинде каралышын күтүп жаткандарын айтты.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш берген жазуу түрүндөгү маалыматында Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында Азербайжан делегациясынын уруксат документтеринин бекитилбегенине өкүнгөндөрүн билдирди.

Куртулмуш 2001 -  жылдан бери Европа Кеңешине мүчө болгон Азербайжандын өткөн мезгилдерде аткарган иштери жана кызматташуулары менен бул мекеменин негизги принциптеринин ишке ашырылышына маанилүү салым кошуу менен бирге маданий түрдүүлүктүн сакталышы жана маданияттар аралык диалогдун колдоого алынышы сыяктуу мезгилдин негизги миссияларынын биринин ишке ашырылышында да жол башчы роль ойногондугун баса белгиледи.

Бул чечимдин Европа Кеңешине мүчө бир өлкөнүн Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын  иштеринен четтетүү дегенди билдиргенин баса белгилеген Куртулмуш : «Дүйнө жүзүндө геосаясий тирешүү, саясий талаш-тартыштар жана чыр-чатактар ​​күчөп турган чакта көп тараптуу дипломатия өзүнүн күчүн жана позициясын жоготпошу керек. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы кагылышуу аймагы эмес, диалог жана кызматташтык үчүн негиз катары өзүнүн бар болушун сактап калышы керек»,- деди.

Түркия Улуу Улуттук Парламенти катары Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясын колдогон өлкөлөрдү чечкиндүүлүк менен коргоону, бөлүүчү эмес бириктирүүчү бир платформа болууга жана Азербайжан парламентинин делегациясынын ыйгарым укуктарын бекитүүгө чакырган Куртулмуш : «Азербайжан делегациясынын ыйгарым укуктарынын бекитилбегендигине байланыштуу чечимдин кыска убакытта каралып чыгышын күтүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар