Германиядан түрк коргонуу өнөр жайына мактоо

Немис ой мекемеси Билим жана саясат фонду (SWP) Түркиянын глобалдык бир курал экспортчусу болуу багытында бара жаткандыгын билдирди.

2100469
Германиядан түрк коргонуу өнөр жайына мактоо

Немис ой мекемеси Билим жана саясат фонду (SWP) Түркиянын глобалдык бир курал экспортчусу болуу багытында бара жаткандыгын билдирди.

SWP тын «Түркия дүйнөлүк курал экспорттоочусу болуу жолунда» деген анализинде Түркиянын коргонуу өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун алкагында стратегиялык жактан кайрадан курулушу каралды.

Анализде Түркиянын коргонуу өнөр жайы акыркы он жылда ылдам өнүгүп, продукциялардын аскердик операциялык мүмкүнчүлүктөрүн көптөгөн жолу далилдегени, түрк фирмасы Байкардын Байрактар ​​TB2 учкучсуз учуучу аппараттарынын көптөгөн өлкөгө экспорттолгондугу жана мунун түрк коргонуу саясатында жаңы доорду башташынын эң көрүнүктүү белгиси экендиги белгиленди.  

TB2 учкучсуз учуучу аппараттар, АТАК тик учагы, Алтай танкы, Анка-3  же Каан аскердик  учагынын өнүктүрүлүшү сыяктуу коргонуу долбоорлоруна көңүл бурулган анализде Түркиянын учурдагы куралдануу саясаты, курал системаларынын өнүктүрүлүшү жана өндүрүштүн  толугу менен "Made in Türkiye" деген белгинин астында ишке ашыруу тууралуу  негизги максатты ишке ашырууну көздөгөндүгү билдирилди.

2022-жылдын 24-февралында Россия  - Украина согушу башталгандан кийин Байрактар ​​учкучсуз учуучу аппараттары орус бронетранспорттук бөлүктөрүнүн Украинанын борбор шаары Киевге карай илгерилешин токтоткондугу эске салынган анализде  TB2 учкучсуз учуучу аппараттар менен

Түркиянын эл аралык курал экспорту лигасында маанилүү бир оюнчуга айланганы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар