Текебаев менен Уралоглу Анкарада жолугушту

Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында Анкарада жолугушуу өткөрдү.

2099649
Текебаев менен Уралоглу Анкарада жолугушту
kırgız.jpg

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, жол транспортунда таштала турган жаңы кадамдардын Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарын, ошондой эле чыгыш менен батыштын ортосундагы сооданы жакшыртаарын айтты.

Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Түркия-Кыргызстан Өкмөттөр аралык Биргелешкен экономикалык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында Анкарада жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз кесиптеши Текебаев жана аны коштогон делегацияны кабыл алган Уралоглу жолугушууда Түркия менен Кыргызстандын татаал жана баалуу географияда жайгашканын айтты.

Уралоглу Түрк Мамлекеттер Уюмунун акыркы мезгилде ойногон ролунун абдан баалуу экенине көңүл буруп: «Биз биринчи жолу бир дасторкондун тегерегине чогулуп жатабыз. Аны биз «Түркия кылымы» деп атайбыз, Түрк мамлекеттеринин уюмдары «Түрк кылымы» деп аташат. Бул да биз үчүн абдан баалуу»,-деп өз баасын берди.

Жол транспорту жагынан таштала турган жаңы кадамдардын да эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүгүшүнө чоң салым кошо турганын белгилеген Уралоглу: «Жер транспортунун биргелешкен комиссиясынын жыйыны акыркы жолу 2021-жылы өткөн. Жыйында эки тараптуу жана транзиттик жүк ташууларды либералдаштыруу чечими кабыл алынган. Бул чечим менен, жеткирүү чынжырындагы өзгөрүүлөрдү жана жол транспортуна суроо-талаптын жогорулашын эске алуу менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода менен катар чыгыш менен батыштын ортосундагы соода да өнүгүп, Ортоңку коридор дагы бекемделет», - деди

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев да логистика экономиканын маанилүү бөлүгү экенин баса белгилеп: «Биздин жолугушууларыбыз абдан жемиштүү болду. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алакалары акыркы мезгилде тездик менен өсүп жатат. Мунун эң жакшы мисалын жүк ташуулардын көбөйүшүнөн көрүп жатабыз. Эки өлкөнүн ортосунда автотранспорт тармагында түзүлө турган келишимдер да абдан чоң мааниге ээ. Альтернативдик коридорлорду карап, Түркия менен кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуп жатабыз. Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтык көбөйтүлөт»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар