Террор менен күрөш уланууда

Дагы эки террорист жок кылынды.

2099116
Террор менен күрөш уланууда

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө эки террорист абадан операцияда таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Капысынан сокку уруу уланууда! Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган 2 ПКК террористти абадан операция менен таасирсиз абалга келтирди. Террор жана террористтерге каршы күрөшүбүз эффективдүү жана чечкиндүү түрдө уланат!" деп айтылды.

Министрликтин мурунку билдирүүсүндө да, Сириянын түндүгүндөгү «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» аймактарында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 4 террористтин жок кылынганы кабарланган.



Тектеш кабарлар