Министр Гүлер Иракта жолугушууларын улантууда

Эс-Судани расмий сапар менен өлкөсүнө барган улуттук коргоо министри Яшар Гүлдерди кабыл алды.

2098571
Министр Гүлер Иракта жолугушууларын улантууда

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шия Саббар Хатим Эс-Судани Түркия менен өлкөсүнүн коопсуздугунун бири-бирине байланыштуу экенин айтты.

Эс-Судани расмий сапар менен өлкөсүнө барган улуттук коргоо министри Яшар Гүлдерди кабыл алды.

Ирактын Премьер-министрлигинин басма сөз кызматы, жолугушууда эки коңшу өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын жана эки өлкөнүн коопсуздугу менен ырааттуулугуна салым кошкон коопсуздук кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанисинин сүйлөшүлгөнүн жарыялады.

«Коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу сыяктуу Ирак менен Түркиянын коопсуздугу да бири-бирине байланыштуу»,-деген премьер-министр Суданинин, коопсуздук жана ырааттуулукту колдоо жаатында эки өлкөнүн ортосунда көбүрөөк координация жана түшүнүү үчүн бул сапарлардын маанисине көңүл бурганы белгиленди.

Ирактын президенти Абдуллатиф Мухаммед Жемал Рашид тарабынан да кабыл алынган министр Яшар Гүлер жана аны коштогон делегация андан кийин ички иштер министри Абдуллемир Камил Шаммари менен жолугушту.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ борбор шаар Багдадга барган Яшар Гүлер Камил Шаммари менен эки тараптуу аймактык коргонуу жана коопсуздук темаларында пикир алмашты.

Министр жана аны коштогон делегация Багдаддагы жолугушууларын аяктап Эрбилге жөнөп кетти.



Тектеш кабарлар