Түркия Эл аралык сотто Израилге каршы ачылган геноцид доосуна кийлигишүү чечимин билдирди

Кытайдагы маалымат сайты Канкао абал тууралуу  "Түркия Эл аралык сотто Израилди геноцид менен айыптайт" деген темада жарыялады.

2134688
Түркия Эл аралык сотто Израилге каршы ачылган геноцид доосуна кийлигишүү чечимин билдирди

Түркия Эл аралык сотто Израилге каршы ачылган геноцид доосуна кийлигишүү чечимин билдирди, кабар дүйнөлүк басма сөздө биринчи бетте орун алды. 

Кытайдагы маалымат сайты Канкао абал тууралуу  "Түркия Эл аралык сотто Израилди геноцид менен айыптайт" деген темада жарыялады. 

Кабарда тышкы иштер министри Хакан Фидандын : «Эмне болсо да Түркия Палестина элине колдоо көрсөтүүнү улантат»,-деген билдирүүсү орун алды.

Түркиянын чечими АКШда да кенен жаңырык жаратты.

Медиа мекемеси Блмуберг чечим тууралуу "Түркия Түштүк Африканын Израилге каршы ачкан доосуна кийлигишүүнү каалайт" деген темада билдирди. 

Көптөгөн немис маалымат каражаттары да Түркиянын чечимине орун беришти.

Немис маалымат агенттиги ДПА жана  Spiegel журналы да кабарында чечим тууралуу жазды. 

Борбору Катар болгон Аль Жазира маалымат каналы да чечим тууралуу : "Түркия Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык сотто ачкан геноцид доосуна кийлигишүүнү каалап жатат",- деген темада билдирди. 

Кабарда президент Режеп Таййип Эрдогандын январь айында Израилге каршы жүргүзүлүп жаткан доолорго Түркиянын салым кошкондугуна байланыштуу билдирүүдө орун алды. 

 



Тектеш кабарлар