Президент Эрдоган 6 - февралдагы жер титирөө тууралуу билдирүү жарыялады

Режеп Таййип Эрдоган 6 -  февралда  эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө каза болгондордун кайгысынын алгачкы күндөгүдөй жаңы экендигин айтты.

2098288
Президент Эрдоган  6 -  февралдагы жер титирөө тууралуу билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6 -  февралда  эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө каза болгондордун кайгысынын алгачкы күндөгүдөй жаңы экендигин айтты.

Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө бир жыл мурун болгон Кахраманмараш жер титирөөлөрүндө каза болгон  53 миң  537 кишинин ар бирине Аллахтан ырайым тилеп, жакындарына жана түрк улутуна көңүл айткандыгын белгилеп : «Адамзат тарыхынын байыркы отурукташуу жерлеринин арасында орун алган 11 облусубузда болгон кыйроо чындыгында абдан чоң болду. Мындай чоң апааттар, чоң кайгылар ошол эле учурда элдердин биримдигин жана бир туугандыгынын күчүн сынаган бурулуш жери. Элибиз бул кыйынчылык жана тарыхый сыноодон ийгиликтүү өттү. Мамлекетибиз бардык мүмкүнчүлүктөрү менен аракетке өтүп, Түркия бир жүрөк, бир билек болду. Элибиз жабыркагандарга жардам берип, кылымдын апаатынын алдында биримдигин ортого салды.

Каза болгондорду фатихалар менен дубалар менен кайгы менен эскерип элибизге берген убадаларды аткаруу үчүн иштеп жатабыз. Бул аткарылган иштерди шаарларыбызды кайрадан куруп жана үйү кыйраган же колдонулбай турган абалга келген жарандарыбызды коопсуз үйлөрүнө ээ кылганга чейин улантабыз. Кудайым өлкөбүзгө жана элибизге мындай апааттарды жашатпасын, бизди мындай сыноолорго дуушар кылбасын»,- деди.



Тектеш кабарлар