Газиантепте полициянын тик учагы кулап түштү

Бул тууралуу ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

2097125
Газиантепте полициянын тик учагы кулап түштү

Газиантепте полициянын тик учагы кулап, 2 учкуч шейит болду.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык тармактагы эсебинен бөлүшүүсүндө, Коопсуздук авиация башкы башкармалыгынын инвентаризациясына катталган тик учак Хатай аэропортунан Газиантеп аэропортуна баруу үчүн учуп чыккандан кийин Газиантептин Нурдагы районунун Картал айылында кырсыкка учурап, 2 учкучтун шейит болгонун билдириди.

Йерликая кырсыкта бир техникалык полиция кызматкеринин да жаракат алганын белгиледи.

Баатыр учкучтарга Аллахтан ырайым тилеп, жакындарына жана полиция күчтөрүнө көңүл айткан Йерликая, жарадар болгон полиция кызматкеринин тез сакайып кетишин каалады.



Тектеш кабарлар