Түркия менен Венесуэланын ортосунда меморандум түзүлдү

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Венесуэла сапарынын алкагында мунай министри жана Мамлекеттик мунай компаниясынын (PDVSA) президенти Педро Рафаэль Теллечеа менен борбор шаар Каракаста жолугушту.

2095427
Түркия менен Венесуэланын ортосунда меморандум түзүлдү

Түркия менен Венесуэланын ортосунда мунай жана жаратылыш газ тармагындагы кызматташтыкка байланыштуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Венесуэла сапарынын алкагында мунай министри жана Мамлекеттик мунай компаниясынын (PDVSA) президенти Педро Рафаэль Теллечеа менен борбор шаар Каракаста жолугушту.

Эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунан кийин Түркия менен Венесуэла мунай жана жаратылыш газ тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Министр Байрактар ​​сапардын алкагында вице-президент Делси Родригес менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар