Нуман Куртулмуш Бахрейнде

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери Нуман Куртулмуш Бахрейнде Король Хамад Бин Иса Ел Халифа менен жолугушту.

2094853
Нуман Куртулмуш Бахрейнде

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери Нуман Куртулмуш Бахрейнде Король Хамад Бин Иса Ал Халифа менен жолугушту.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинен берилген жазуу түрүдөгү маалыматка караганда, Куртулмуш Ал Халифа менен Королдук сарайында өткөргөн жолугушууда доc жана боордош өлкө Бахрейнде болуудан кубанычтуу экендигин билдирди. 

Бахрейндин Өкүлдөр палатасы жана Шура Кеңешинин төрагалары,  мүчөлөрү менен түшүмдүү  жолугушуу өткөргөндөрүн белгилеген Куртулмуш, Түркия менен Бахрейндин ортосундагы карым – катнаштардын саясий, экономикалык жана маданий тармактарда дагы бир топ жогорку деңгээлге чыгаарына ишенгенин айтты.

Бахрейн королу Ал  Халифа Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Куртулмуштун иш сапарына ыраазычылыгын билдиридип,   парламенттердин аракети менен эки өлкөнүн карым - катнаштарынын ар тармакта алдыга жылаарына ишенгенин белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Бахрейн сапарынан кийин  Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиге барды.

Куртулмуш Абу - Дабидеги Аскердик электроника өнөр жайынын (ASELSAN) БАЭ кеңсесинин ачылыш аземине катышат жана БАЭ Федералдык Улуттук кеңешинин төрагасы Сакр Гобаш жана БАЭнин президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушат.

 

 

 



Тектеш кабарлар