Нуман Куртулмуш БАЭде

Куртулмуш Абу Дабиде оболу Аскердик электрондук өнөр жайы ASELSANдын БАЭдеги кеңсесинин ачылуу аземин өткөрдү.

2095170
Нуман Куртулмуш  БАЭде

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Бахрейн сапарынан кийин Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиге барды. 

Куртулмуш Абу Дабиде оболу Аскердик электрондук өнөр жайы ASELSANдын БАЭдеги кеңсесинин ачылуу аземин өткөрдү. 

Кеңсенин аткарган иштери жана коргонуу өнөр жайынын инвестицияларына байланыштуу маалымат алган Куртулмуш БАЭнин Федералдык улуттук кеңешинин төрагасы Сакр Гобаш жана БАЭнин мамлекет башчысы Мухаммед бин Зайид Ал Нахян менен жолугушат.

 



Тектеш кабарлар