Куртулмуш БАЭ Федералдык кеңешинин төрагасы Гобаш менен парламенттик делегацияны Түркияга чакырды

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн БАЭнин борбор шаары Абу - Дабиге барган Нуман Куртулмуш Федералдык кеңештин төрагасы Сакр Гобаш менен жолугушту.

2095282
Куртулмуш БАЭ Федералдык кеңешинин төрагасы Гобаш менен парламенттик делегацияны Түркияга чакырды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Эл аралык адилеттик сотунда Израилге каршы  чыгарылган чечимдин башталгыч болушун жана мындан кийин иштелген адамзаттык кылмыштардын жоопсуз калбай тургандыгын үмүт кылгандарын белгиледи.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн БАЭнин борбор шаары Абу - Дабиге барган Нуман Куртулмуш Федералдык кеңештин төрагасы Сакр Гобаш менен жолугушту. 

Гобаштын Стамбулдагы Палестина митингине катышканын жана мындан ыраазы болгонун белгилеген Куртулмуш, Палестинада чукул ок атышпоо түзүлгөндөн кийин аймактык өлкөлөр жана мусулман өлкөлөрү катары Палестина калкынын абалын жакшыртуу үчүн аракет кыла тургандарын белгиледи.

Эл аралык Адилет Сотунда Израилге каршы чыгарылган убактылуу чечимдин Палестина маселесинин келечеги үчүн тарыхый бурулуш экенине ишенгендерин белгилеген Куртулмуш, сөз болуп жаткан убактылуу чечимдин башталыш болушун жана мындан кийин жаслаган гуманитардык кылмыштардын аялдар менен балдарга каршы жасалган кылмыштардын жоопсуз калбай тургандыгынан үмүт кылгандарын айтты. 

Куртулмуш эгер эки тарап тең кабыл ала турган адилеттүү тынчтык түзүлө албаса жана Палестина калкынын укуктары корголбосо, согуштун өзгөчө аймакта жайылуу потенциалынын бар экенин баса белгиледи.

Түркия-БАЭ карым-катнаштарынын мыкты деңгээлде экенин жана аны алдыга жылдыруунун орток милдеттери  экенин белгилеген Куртулмуш, президент Режеп Таййип Эрдогандын февраль айында БАЭге бара турганын жана бул сапарлардын эки тараптуу карым – катнаштарды күчтөндүрө тургандыгын айтты.

Куртулмуш БАЭ Федералдык кеңешинин төрагасы Гобаш менен парламенттик делегацияны Түркияга чакырды.

 



Тектеш кабарлар